Кызыл-Кыя шаарынын 65 жаштагы тургуну өзү жашаган үйүндө баңги өсүмдүгүн өстүргөнгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү экспертиза шектүүнүн үйүнөн табылган 3 даана идишке өстүрүлгөн өсүмдүктөр баңгизаттын конопля (канабис) түрү экендигин аныктаган. Алынган өсүмдүктөрдүн салмагы 300 граммды түзөт.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесинин (Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиция учурда текшерүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.