Акылбек Жапаров жаңы Ак үйдө алгачкы жыйынын өткөрдү (фото)

Бишкекте жаңы салынган “Ынтымак Ордо” имаратында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биринчи аппараттык кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинети маалымдады.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери, калктын жашоо турмушун жакшыртууга багытталган стратегиялык демилгелерди ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле президенттик администрациянын үстүбүздөгү жумадагы иш планы талкууланды.

"Президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылышы – жаңылануунун символу. Жаңы имаратта иштөө бул жөн эле жер алмаштыруу эмес, бул мамлекетибиздин тарыхынын жаңы барагы. Элибиздин бакубат жашоосу үчүн жан дили менен иштөөгө милдеттүүбүз", - деди Акылбек Жапаров.

Жыйынга президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү видеоконференция аркылуу катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан