Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында үч күн катары менен музыкалык кече өтөт

Бишкекте 2-3-4-сентябрь күндөрү борбордук "Ала-Тоо" аянтында “Күз кайрыктары” аттуу музыкалык кечелер өтөт. Бул тууралуу маалыматты Маданият министрлиги жарыялады.

Музыкалык кечелердин программасы:
2-сентябрь саат 19:30 Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын концерти;
3-сентябрь саат 19:30 Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын фольклордук топторунун концерти;
4-сентябрь саат 19:40 Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жыйынтыктоочу эстрадалык концерти болот.
"Аталган музыкалык иш-чара күз мезгилинин атмосферасын музыканын жана искусствонун сыйкырдуулугу менен айкалыштырылган маданий кече", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан