Орусиянын президенти Владимир Путин Тыва Республикасына болгон иш сапарында мектеп окуучуларынын ачык сабагына катышып, андан кийин алардын суроолоруна жооп берди. Бул тууралуу Кремль кабарлады.
Президенттин айтымында, ал абдан аз уктайт. Ал окуучулардан анын бул жагынан үлгү албашын суранды.
"Бул жагынан менден үлгү албагыла. Мен бүгүн төрт эле саат уктадым, бул аздык кылат. Мен адатта алты саат уктайм. Сиздер нормалдуу укташыңыздар керек, жок дегенде сегиз саат. Менин бош убактым аз, бирок жумуш күнүмдү туура уюштура албагандыктан төрт саат уктадым. Ар бир адам жасаган ишине, өзүнө сын көз менен карап, жыйынтык чыгарышы керек", - деген Путин.