Замандын агымы өзгөргөн сайын адам баласынын табити да ошого жараша алмашып турат эмеспи. Андыктан батир сатып алууда учурда көпчүлүк жарандар элита, бардык шарты менен, табитке жараша жасалгасы менен, ыңгайлуу багытын карап калды. Элиталык батирлер баасы боюнча башка типтеги батирлерден анчейин чоң айрыма менен өзгөчөлөнбөйт.
Батир алууга камынып, каражат топтоп жатсаңыз SUPER.KG порталынын #Азыр рубрикасы бул чыгарылышында элита батирлердин наркы жана башка типтеги батирлерге салыштырмалуу баасы кандай экендигин аныктап берет.
Бул учурда бизге көп тармактуу lalafo жарнамалык кызматы жардамга келет. Анткени бул сайтта батирдин наркы, андагы табитке жараша ыңгайлуулугу, жасалгалоо иштерин жүргүзүү керек, же жок экендиги толук жазылган. Балким, бул талдоо сиз күткөн жыйынтыкты тартуулап, оюңузду өзгөртүүгө багыт берип, ыңгайлуу батир алууга шарт түзүшү мүмкүн.
Элиталык үйлөр башка сериядагы батирлер сыяктуу эле баасын жылдан жылга жогорулатып келет. Өткөн жылга салыштырмалуу батир баасы 13 пайызга өскөн. Бирок бир жыл мурункуга салыштырмалуу анчейин деле көтөрүлгөн эмес. 2022-2023-жылдар аралыгында батир баасы 30 пайызга кымбаттаган.
Салыштырып айта кетсек:
105-106-сериядагы үйлөр элиталык битирлерден айырмачылыгы кандай?
Кыялдарды орундатып, ыңгайлуу шартта турмуш кечирүү максаттардын бирин толуктайт. Бул негизги максатты ишке ашыруу капчыктын калыңдыгына карап кете берет. Батирлер арасында кардарлардын купулуна толгон, өзгөчө популярдуулукка ээ болгон 105-106-сериядагылар да өз баасын жогорулаткан. Салыштырмалуу алардын баасын талдап көрөлү.
105-сериядагы батирлердин акыркы төрт жылдагы баасы бир топко өскөн. Булар бир жыл аралыгында 11 пайызга жогоруласа, бир жыл мурун алардын баасы 27 пайызга жеткен.
2021-жыл (доллар менен эсептегенде)
2022-жыл
2023-жыл
2024-жыл
Ал эми 106-сериядагы батирлердин баасы бир жыл мурун 30 пайызга жогоруласа, акыркы бир жыл ичи 11 пайызга кымбаттаган.
2021-жыл (доллар менен эсептегенде)
2022-жыл
2023-жыл
2024-жыл
Акыркы жылдары элиталык батирлерге болгон суроо-талап өсүүдө. Мурун арзан батир алууга кызыккандардын саны көп болсо, учурда заман талабына жараша ыңгайлуу шарттагы батирлерге болгон кызыгуу өстү. Анткени башка сериядагы батирлерге салыштырмалуу элиталык батирлердин баасындагы айырмачылык өтө жогору эмес.
Элиталык батирлердин кайсы багыты ыңгайлуу?
Элиталык батирди алууну көздөгөн кардарлар үчүн толук жасагаланып бүткөн ыңгайлуу батир керекпи? Же болбосо кара шыбак учурунда алып, өз табитине жараша жасалгалоо ыңгайлуубу? Бул эки суроого да жооп издеп учурда кардарлардын кызыгуусун арттырып, көп сатылып жаткан элиталык үйлөрдү салыштырып көрдүк.
Заманбап кара шыбак менен батирлердин учурдагы орточо баасы (доллар менен эсептелгенде):
Ал эми кымбат жасалгалуу (евроремонт) батирлердин орточо баасы:
Элиталык батирлердин эки багытын салыштыруудагы айырмачылык 1 бөлмөлүү батир 10 миң 836 доллар болсо, 2 бөлмөлүүсү 13 миң 545 долларды түзөт. Ал эми үч бөлмөлүүдөгү айырма 15 миң 134 доллар.
Аянты боюнча алсак:
Кара шыбактагы батирлердин чарчы метри боюнча:
Ал эми евроремонт менен батирлердин чарчы метри орточо баада:
Эки багыттын бааларын салыштырууда 1 бөлмөлүү батирлердин баасы 26 пайыз айырмачылыкты көрсөтсө, 2 бөлмөлүүсү 21 пайызда. Ал эми үч бөлмөлүү батир 15 пайыздык көрсөткүчтө айырмачылык берет.
Эсептелген бааларды, чарчы метрдин орточо наркын алуу менен салыштырып батир алыңыз. Ал үчүн lalafo көп тармактуу сайтына кирип, каалаган табиттеги батирлерди табууга болот. Заман талабына ылайык ыңгайлуу шарттары менен элиталык батирлерди сунуштайбыз. Батирдин жасалгасына кеткен чыгымдан көрө даяр батир алуу үнөмдүү экендигин жогоруда көрсөтүлөн салыштыруу көрсөтө алды.
lalafo – өлкө ичиндеги эң ири жарнамалык кызматы болуп саналат. Анда жарандар миң түркүн багыттагы кызмат көрсөтүүлөрдү ала алат. Турак жай, батир, унаа, үй тиричилигине керектүү буюмдар, жер тилкелерин сатып алууга жана сатууга кенен аянтча түзүлгөн. Мындан тышкары сонун мүмкүнчүлүк – жарандарды жумуш менен камсыздоо багыты.
lalafo менен ыңгайлуу, өз табитиңиздеги элиталык батирде жашаңыз!