Быйыл Ош шаарында 8 миңден ашык окуучу биринчи жолу мектеп босогосун аттады

Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров №4 С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясында өткөн салтанаттуу иш-чарага катышып, окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Ош мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ошто билим күнүнө арналган иш-чаралар шаардагы бардык 69 мамлекеттик мектептерде өттү.

"Быйылкы 2024-2025-окуу жылында Ош шаарында биринчи класска кабыл алынган окуучулардын саны 8745ке жетти, ошол эле учурда бала бакчаларга 2500дөн ашык бала кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Ош шаарында быйыл жылдын аягына чейин төмөнкү 1825 орундуу жалпы 4 мектеп пайдаланууга берилет:

  • Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгындагы 625 орундуу;
  • Ирригатор көчөсүндө 275 орундуу;
  • Мээркан айылында 225 орундуу;
  • В.Терешкова атындагы (жатак) 700 орундуу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан