Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында туман каптап, жаан аралаш кар жаап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, ашуулар менен жолдордо унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар.
"Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, жаралган кырдаалга ыкчам аракет көрүү даярдыгында турат", - деп айтылат маалыматта.