Аскат Алагөзов: "Ынтымак Ордону" көрүүнү каалагандарды атайын автобустар алып барат"

"Ынтымак Ордону" көрүүнү каалагандар кезекке туруу керек. Аларды атайын автобустар алып кетишет. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда президентиин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, "Ынтымак Ордону" көрүүнү каалагандар эң алгач кезекке жазылып, андан кийин аларды президенттин мурдагы администрациясынын жанынан атайын автобус менен алып кетишет.

"Президенттин Администрациясынын жаңы имаратын көрүүнү каалагандар өтө көп болгондугуна жана бир учурда бардыгын киргизүү мүмкүн болбогондугуна байланыштуу экскурсияны уюштуруу тартибине өзгөртүүлөр киргизилет.

Мындай өзгөртүүлөр бүгүнкү биринчи күндүн жүрүшүндө пайда болгон маселелерди эске алуу менен кабыл алынды.

“Ынтымак Ордого” экскурсияга барууну каалагандар эртең, 3-сентябрдан тартып Абдумомунов 207 дарегинде жайгашкан Президенттин Администрациясынын мурдагы имаратынын түндүк-батыш тарабындагы (Фрунзе-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилиши) өткөрүү бюросуна барып кезекке туруусу керек.

Ал жакта операторлор сиздерди каттоого алып, “Ынтымак Ордосуна” саат канчага бара аларыңызды айтышат.

Мурдагы Өкмөт үйүнүн жанында атайын автобустар экскурсияга алып барып, кайра эски аянтка алып келишет.

Ар тараптан келген адамдардын электрондук кезегин карап, операторлор сиздерге автобуска канчада чыгарыңызды айтып беришет.

Мисалы, эртең менен ондордо келсеңиз түштөн кийин төрттө же үчтө, же эртең түшкү он экиде автобус менен чыгасыздар деп түшүндүрүп беришет.

Антпесе бүгүнкү тажрыйба көрсөткөндөй кишилердин көптүгүнөн экскурсия жасоону каалагандар ортосунда талаш-тартыш жаралууда", - деп билдирди Алагөзов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан