"Ичинде туристтер болгон". Орусияда тик учак кыйраган жерден 22 кишинин сөөгү табылды

Орусияда жарандык тик учак кырсыгынан каза болгон 22 кишинин баарынын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Орусиянын ӨКМ кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай кырсык 31-августта Камчатск крайында болгон. Ичинде 19 жүргүнчү (көбү туристтер) жана экипаждын үч мүчөсү бараткан Ми-8 тик учагы бийик дөбөлөрдүн бирин сүзүп, кулап түшкөн. Тик учак түшкөн жер кечээ, 1-сентябрда аныкталган.

"Учактын ээси "Витязь-Аэро" компаниясы, жетекчилердин айтымында, жайкын тургундарды жана туристтерди ташуу менен 15 жылдан бери алектенип келген. Ушул эле компаниянын дагы бир тик учагы Камчатка аймагында кыйрап, сегиз кишинин өмүрү кыйылган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан