Кадамжайда баңги өсүмдүгүн өстүргөн кишинин бир тууганы өз ыктыяры менен өсүмдүктөрдү милицияга тапшырды.
Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Орозбеков айыл аймагынын Чандеки айылынын тургуну 51 жаштагы К.М.нын үлүш жеринде иниси Б. мыйзамсыз өстүргөн 11 даана баңгизатына окшош, өзгөчө жыты бар өсүмдүктү алып, өз ыктыяры менен милицияга тапшырып берген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесинин (Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизанын корутундусуна ылайык өсүмдүк кара куурай экендиги аныкталып, анын салмагы 3 килограммдан ашык экендиги белгилүү болду.
Учурда кылмышка шектүү Б. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.