Норвегиянын ханбийкеси шаманга турмушка чыкты

Норвегиянын ханбийкеси Марта Луиза өзүн шаман деп атаган америкалык Дурек Верретке турмушка чыкты. Алар Норвегиянын негизги туристтик жайларынын биринде популярдуу блоггерлер жана шоу-бизнес жылдыздарынын коштоосунда үлпөт тоюн өткөрдү. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, 52 жаштагы Луиза Норвегиянын 87 жаштагы падышасы Харальддын улуу кызы, ал эми 49 жаштагы Веррет Калифорниядан. Ал өзүн алтынчы муундагы шаман деп эсептейт. Үйлөнүү үлпөтүнүн урматына Гейрангер шаарында үч күндүк майрам уюштурулду.

Жубайлар үйлөнүү үлпөтүндөгү сүрөттөрүнүн укуктарын британиялык атактуулардын Hello журналына сатышкан. Андыктан майрамдык иш-чаралар башка ММКлар үчүн жабык өткөн.

Падыша Харальд кызынын үйлөнүү тоюна ханайым Соня жана Норвегиянын королдук үйүнүн башка мүчөлөрү менен бирге катышты. Луиза Норвегиянын тактысына төртүнчү болуп кирет.

Алар 2019-жылы сүйлөшүп жүргөнүн жарыялашкан. Мыйзамдарга ылайык, Верретт падышанын үй-бүлө мүчөсү болот, бирок өзүнө же жубайынан төрөлгөн балдарына эч кандай расмий наам берилбейт. Марта Луиза падышалык наамын сактап калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан