Орусиянын чыгышындагы Сахалин аралында аялга кол салышы мүмкүн делген аюу жок кылынды. Бул тууралуу Amur Mash Telegram каналы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, токойго козу карын терүү үчүн кетип дайынсыз болуп жаткан 68 жаштагы аялдын жансыз денеси бир нече күндөн кийин табылган. Эксперттер тургундун өлүмүнө жырткычтын катыштыгы бар болушу мүмкүн деген тыянакка келишкен.
"Александр Шкрабалюк аял каза болгон жерден 800 метр алыстыкта аюуну атып өлтүргөн. Азыр эксперттер пенсионердин өлүмүнө ушул аюу күнөөлүүбү же жокпу, тактап жатышат", - деп айтылат маалыматта.