Москвага жакын Истра шаарында такси айдоочусу кардарын зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Орусиянын РЕН ТВ агенттиги жазды.
Кылмыш 31-август күнү таңкы 7лер чамасында болгон. Анда такси айдоочусу унаасын Захарово айылындагы үйдүн жанындагы унаа токтотуучу жайга токтотуп, 44 жаштагы кардарына жакындаган.
"Андан кийин ал аялды коркутуп, аны чечинүүгө мажбурлап, андан соң таксиде зордуктаган. Бул окуядан кийин жабырлануучу полицияга кайрылып, шектүү кармалган. Ал Кыргызстандын 21 жаштагы жараны болуп чыкты", - деп жазды РЕН ТВ агенттиги.
Ал өз күнөөсүн моюнуна алган эмес. Укук коргоо кызматкерлери анын күнөөсүн далилдөө үчүн бир катар экспертизаларды дайындашкан. Учурда тергөө иштери уланууда.