Сузакта айылдык кеңештин мурдагы депутаты "Салимбай байбачадан" баш тартты

Сузак районунун айылдык кеңешинин мурдагы депутаты Өзбекстандын уюшкан кылмыштуу тобунун лидери Салим Абдувалиевден баш тартты. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, 2-сентябрда Сузак районунун тургуну У.Ш.А. алынып келинген. Аталган У.Ш.А. аттуу жаран менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлүп, уюшкан кылмыштуу топтун идеологиясынан баш тартуу боюнча милдеттенме алынган, анткени социалдык тармактарда анын "Салимбай байбача" деген ат менен таанымал, Кыргызстандын аймагында издөө жарыяланган кримавторитет Абдувалиев Салимбай менен түшкөн сүрөтү активдүү таркатылган.

"Жүргүзгөн түшүндүрүү иш-чараларынын жыйынтыгында У.Ш.А. криминалдык идеологиядан баш тартып, мамлекеттик өнүгүүнүн позитивдүү тенденцияларын жана Кыргыз Республикасынын белгиленген саясий багытын колдоону белгиледи. Белгилей кетсек, У.Ш.А. мурда Сузак айылдык кеңешинин депутаты болуп, 2023-жылдын декабрь айында жер тилкелери менен алдамчылыкка катыштыгы бар экендигинин далилин жок кылуу максатында Сузак айыл өкмөтүнүн имаратын атайылап өрттөп жибергендиги үчүн 100 миң сом айыпка жыгылган. Ошол эле учурда У.Ш.А. Сузак айыл өкмөтүнүн өрттөнгөн имаратын оңдоого бөлүнгөн 6 миллион сом зыяндын ордун толтуруп берген", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан