"Кечээ эле 10 адам мүрт кетти". Депутат Абакиров кырсык көп катталган жол тилкелерин тактоону талап кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаевге өлкөдөгү унаа жолдордогу кырсык көп катталган тилкелерди тактоону тапшырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-сентябрда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү Чүйдөгү үрөй учурган жол кырсыгынан 10 адам мүрт кеткенин айтып, жыл башынан бери 500, былтыр 700дөн ашык адам жол кырсыктарынын курмандыгы болгонун белгиледи.

"Ички иштер министрлиги менен кайсы жерде кырсык көп катталып жатканын анализ кылып чыгыңызчы! Эгер бир эле жерде бири нече жолу кырсык болуп жатса, демек, маселе айдоочуда эмес. Балким, ал жерде бурулуш бар экенин эскерткен жол белгилери жетишпейт, же дагы ушул өңдүү кемчиликтер болушу мүмкүн. Ошондойлорду жоюш керек", - деди Абакиров.

Жогорку Кеңеш 03.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан