Футбол боюнча Уругвай курама командасынын атактуу чабуулчусу Луис Суарес маалымат жыйынында Уругвай курама командасынан кете тургандыгын жарыялады.
Анын айтымында, 6-сентябрдагы Парагвай курамасы менен беттеш анын улуттук курама үчүн акыркы беттеши болот.
"Менимче, азыр эң ыңгайлуу учур. Мен улуттук курама команда үчүн акыркы оюнумду өткөрүп, андан кийин эс алгым келет. 2007-жылы Уругвай курамасында дебют жасаганымдай ойногонго кубанычтамын", - деген Суарес.
37 жаштагы чабуулчу Уругвай курамасынын курамында 137 беттеш өткөрүп, 68 гол киргизип, 39 голдук пас чыгарып берген. 2010-жылы Суарес Уругвай курама командасы менен биргеликте Дүйнө чемпиондугунда төртүнчү орунду ээлеп, бир жылдан кийин Америка кубогун жеңип алган.