Бишкек шаарына 100 миң орундуу жаңы аянт куруу пландалууда. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
"Республикалык масштабдагы маданий иш-чараларды өткөрө турган жаңы комплексти куруу чечими кабыл алынды. Жаңы аянт 100 миң кишиге ылайыкталат. "Ала-Тоо" аянтындагы акыркы окуя бул комплекстин эскилиги жетип, мынчалык көп киши батпай калганын көрсөттү. Азырынча кайсыл жерге, качан курулары белгисиз", - деген министр Алтынбек Максутов.
Ал эми борбордук "Ала-Тоо" аянты өз ордунда калары кошумчаланды.