Бүгүн, 3-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Жумабеков Бишкек шаарындагы жол тыгындарын чечүүнүн жолдорун сунуштады.
Ал шаар ичинде унаа кыймылдарына болгон чектөөлөр туура эместигин, бул сыяктуу чаралар миллиондогон калкы бар калааларда дагы колдонулбай тургандыгын белгилеп, маселени чечүү үчүн жердин алды, үстү менен өтүүчү жол куруу керектигин айтты.
"Мисалы, Логвиненко, Панфилов, Некрасов көчөлөрү бар. Бул көчөлөр темир жолду кесип өтөт. Темир жолдо каттамдар тез-тез жүргөндө шлагбаумдар жабылып калат. Шлагбаум 10 же 20 мүнөткө жабылганда 3 чакырымга чейин созулган тыгын жаралып жатат", - деди Жумабеков.
Ошондой эле эл өкүлү темир жолдон тоскоолдуксуз алып өтө турган көпүрөлөрдү салуу үчүн долбоорлор иштелип чыкса жакшы болмоктугун белгиледи.
Белгилей кетсек, Бишкек мэриясы шаар ичиндеги жол тыгынын азайтуу үчүн унаа кыймылын чектеген мыйзам долбоорлорун сунуштап келет. Маселен калаа бийлиги унаанын номуруна карап кезек менен көчөгө чыгарууну сунуштаган. Ошондой эле Бишкекте унаа токтотуучу жайлардын акысын саатына жараша көтөрүү тууралуу мыйзам долбоорун дагы сунуштап, мындай чара жол кырсыгы менен тыгынды азайта турганын белгилеген.