Конгодо туткундардын абактан качуу аркетинде 129 адам каза болду

Конгонун Макала түрмөсүндөгү туткундардын качуу аракетинде 129 адам каза тапканын өлкөнүн вице-премьери, ички иштер министри Жакмен Шабани билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, өлкөнүн борбору Киншаса шаарындагы абактан качуу аракети 2-сентябрга караган түнү болгон.

"Каза болгондордун 24ү эскертүүдөн кийин атылган болсо, калгандары тепсендиде калды. Мындан тышкары жаракат алган 59 жабырлануучуну санап чыктык", - деп жазган министр X социалдык түйүнүнө.

Ошондой эле ал окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын кошумчалаган.

Макала түрмөсүндө оор кылмыштар үчүн соттолгондор кармалат. Абак 1957-жылы 1,5 миң туткунга ылайыкталып курулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан