Бүгүн, 3-сентябрда күйөөсү тарабынан бычакталган аялды сактап калган милиция кызматкерине Нарын облусунун жетекчилиги сыйлык тапшырды. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
"Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов күтүүсүз окуяда кесиптик чеберчилигин көрсөтүп, кызматтык милдетин аткарып, адам өмүрүн сактап калган милиция кызматкери, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Жеңиш Мукамбетовду кабыл алып, ыраазычылыгын билдирди", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле эрдик көрсөткөн милиция кызматкерине Ыраазычылык кат жана 10 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык ыйгарылганы кабарланды.
Жеңиш Мукамбетовдун айтымында, окуя учурунда ал башка жумуштар менен Он-Арча базарынын биринчи кабатында жүргөн. Ызы-чуу чыгып жатканын угуп, экинчи кабатка көтөрүлүп, бычак жеп жаткан аялды күйөөсүнүн зомбулугунан куткарып, өмүрүн сактап калган.
Белгилей кетсек, Нарындагы "Он-Арча" базарынын ичиндеги ашканада 42 жаштагы жаран ашпозчу болуп эмгектенген 41 жаштагы келинчегин ашканада өзү көтөрүп жүргөн бычагы менен сайып жибергендиги аныкталган.
Жабырлануучу облустук ооруканага жаткырылып, шектүү кармалган.