Билим берүү министрлиги мектептеги хиджабчан окуучулар боюнча билдирүү таратты

Бүгүн, 3-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги айрым мектептерде оромолдорду (хиджабды) чечүүгө мажбурлап жаткандыгы боюнча социалдык тармактарга тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди.

Маалыматта өлкө – көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет экендигин билдирип, баш мыйзам менен бекитилгендигин кошумчалаган. Ошондой эле ар бир жаранга дин тутуу эркиндиги кепилденгендиги айтылган.

Мындан тышкары өкмөтүн токтому менен жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучулары үчүн мектеп формасына бирдиктүү талаптар бекитилгендиги айтылган.

"Мектеп формасынын классикалык стилге дал келип, үстү ак, боз, асты кара же күрөң түстө болушу керектиги бекитилген. Ал эми окуучулардын баш кийими боюнча талаптар бул жободо көрсөтүлгөн эмес. Социалдык тармактарга чыгып жаткан жалган маалыматтарды териштирүү боюнча тиешелүү укук коргоо органдары менен комплекстүү иш алып барылууда", - деп белгиленген маалыматта.

Ошондой эле министрлик жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан