Садыр Жапаров “Клооп Медианын” жабылышы боюнча комментарий берди

Президент Садыр Жапаров “Клооп Медиа” фондун жоюу боюнча Жогорку соттун чечимине комментарий берди. Бул тууралуу өлкө башчы "Кабар" маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде сөз кылды.

Жапаров “Клооп Медиа” жабылганы тууралуу кабарды жалпыга маалымдоо каражаттарынан окуганын, Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин да болгонун жана мындан ары да боло берерин айтты.

Мамлекет башчысынын маеги төмөндө:

— Бул медианын жабылышы өлкөдөгү сөз эркиндигине терс таасирин тийгизбейби?

Эч кандай. Биз 30 жылдан бери анархияны демократия, ушак-айыңды сөз эркиндиги деп алмаштырып алганбыз. Азыр эми ошол оорулардан коомчулук айыгып жатат.

Бизде сөз эркиндиги болгон жана боло берет. Болгону чындыкты чындыктай айтып турса ким болбосун баарын колдой беребиз. Анархия, ушак-айың, жалган маалыматтарды таратуу бул сөз эркиндиги эмес.

«Клооп Медиа» ар кандай иликтөөлөрдү жасап келгени маалым. Аны жабуу чечимине дал ушул ишмердүүлүгү себеп болгон жокпу?

Иликтөөлөрдү бир жактуу, бирөө жарымды каралоо максатында иликтеген үчүн жаап жатса керек да. Соттор деле жөндөн-жөн чечим кабыл албаса керек. Далай жолу өзүңөр деле көрбөдүңөрбү бир жактуу каралаган, жалган материалдарды таратканын.

Негизи эле өлкөбүздүн жогорку бийлиги иликтөө журналистикасына кандай карайт?

Иликтегендердин баарын, мейли ким болбосун колдойбуз. Бир гана сураныч эки жактуу иликтешсе. Эгер кимдир бирөө уурдап атса же коррупция кылып жатса сөзсүз көңүл бурабыз. Жазалайбыз. Аларсыз деле өзүбүз жазалап жатабыз. Алардын иликтегени да бизге жардам болот. Бирок бир жактуулук, каралоо, душмандык кылуу, жеке кызыкчылык менен иликтеп жатышпайбы. Албетте андайларды колдобойбуз.

Болот Темировдун иликтөөлөрүнө кандай карайсыз ?

Болот Темиров "үрө берет, кербен жүрө берет". Анын иликтөөлөрүнө көңүл бурбайбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан