Кечээ, 2-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мурдагы президент Ислам Каримовдун жаркын элесине арналган салтанатка катышты. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Анда Мирзиёев, Каримовдун жубайы Татьяна Каримова, мамлекеттик кызматкрлер жана коомчулук өкүлдөрү Ислам Каримовдун эстелигине гүлчамбар коюшту.
"Аксарайдын" мурдагы резиденциясында жайгашкан Ислам Каримов атындагы илимий-окуу мемориалдык комплексинде Куран окутулду. Анда туңгуч президенттин өлкөдөгү тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоодо, элдин бакубаттуулугун жогорулатуудагы кызматтары белгиленди", - деп айтылат маалыматта.
Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов 2016-жылы 2-сентябрда Ташкентте каза болгон. Анын сөөгү туулган жери Самарканддын "Шахи Зинда" мемориалдык комплексине коюлган.