Таиландда автобус жол кырсыгына кабылып, 29 адам каза тапты

Таиланддын түндүк-чыгышында, Пхетчабун провинциясында автобус жол кырсыгына кабылып, 29 адам каза тапты. Бул тууралуу 27-декабрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, айдоочу рулду башкарып бара жатып уктап калган. Катуу ылдамдыкта жүрүп бара жаткан автобус 30 метр бийиктиктен түшүп кеткен. Жалпысынан 40 жүргүнчү болсо, кырсык болгон жерден куткаруучулар 28 адамдын сөөгүн табышкан. Калгандары  оор абалында бейтапканага жеткирилген. Ооруканадан дагы бир адам көз жумган. 

Ушундай эле окуя Таиландда 2013-жылдын октябрь айында катталып, 20 адам набыт болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asus84
2013-12-27 11:17:10
кудай сактай кор бул айдоочусу каякты карап айдап баратты болду экен???
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан