Кытайда окуучуларды мектепке ташыган автобус 11 адамды тебелеп кетти

Кытайдан мектеп автобусу 11 адамды тебелеп кетти. Анын ичинен бешөө окуучулар. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, каргашалуу окуя кечээ, 3-сентябрда Шаньдун провинциясынын батыш тарабындагы Дунпун районунда орун алган.

"Мектеп автобусу күтүүсүздөн элдер бара жаткан тарапты көздөй кетип калып, беш окуучу жана алардын ата-энелери жеринде каза тапты. Көз жумган ата-энелердин саны алтоо. Дагы кошумча 13 жаран ар кандай жаракат алган. Алардын бирөө өтө оор абалда ооруканага жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

Автобустун айдоочусу кармалып, учурда иликтөө иштери уланып жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан