Казакстандын ар кайсы аймактарында алты адамды кармоо менен бир катар теракттардын алдын алынды. Бул тууралуу казак басылмалары өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетине шилтеме берүү аркылуу билдирди.
"Дерструктивдүү диний агымдын жактоочусу болгон Казакстандын беш жараны жана бир чет элдик жаран кармалды", - деп айтылат маалыматта.
Кармалгандар эл алдында терроризм актысын жасоого чакырык таштаган деп шектелүүдө. Алар 5 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Ошондой эле далил катары ар кандай буюмдар алынган, анын ичинде үч жардыруучу зат бар экендиги айтылат. Кармалгандардын экөө мурда талап-тоноо жана уурулук үчүн соттолгон.