Ырчы Сема кызынын туулган күнүндө унаа белек кылганы тууралуу видеону Инстаграм баракчасына жүктөп, куттуктоо жазды.
"Туулган күнүң кут болсун, алтын кызым. Келечегиң кең, бактылуу, ыймандуу кыздардан бологой!" - деп жазган ал.
Белгилей кетсек, кызы бул жылы 19 жашка толду. Ошондой эле ырчы Сема буга чейин кызы АУЦА университетинин колледжин аяктаганын билдирген.