Токтогулда автобекет, парк баштаган бир нече жер мамлекетке кайтарылды (фото)

Токтогул районунда мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бир катар социалдык объектилер жана жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК Жалал-Абад облусундагы бир катар социалдык объектилерди жана жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктаган. Алсак, жалпы аянты 1,3 гектар болгон Токтогул автобекети мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилген, ал 2009-жылы мыйзам бузуу менен жеке адамга төмөндөтүлгөн баа менен сатылганы аныкталган. Автобекеттин базар баасы 63 миллион 817 миң сомго бааланууда.

Мындан тышкары Токтогул районунун Торкен айылында жайгашкан мурда мыйзамсыз менчиктештирилген 2342,8 чарчы метр соода комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул комплекстин базар баасы 4 миллион 155 миң сомду түзөт.

"Токтогул шаарынын мэриясынын балансына Токтогул шаарынын А.Козубеков атындагы паркынын аймагында жайгашкан 1,49 гектар жер тилкеси менен жайкы кинотеатр өткөрүлүп берилди, анын базар баасы 73 миллион 610 миң сомду түзөт. Муну менен катар Токтогул районунун Токтогул шаарынын "Тайбала-Кечүү" тилкесинде жайгашкан 2 гектар көп жылдык көчөттөрү бар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Жер тилкесинин базар баасы 7 миллион сомду түзөт. Учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштер улантылууда", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан