Бүгүн, 4-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жумабек Салымбеков ант берди.
"Альянс" фракциясына кирген Жумабек Салымбековго төрага Нурланбек Шакиев ийгиликтерди каалады.
Эске сала кетсек, 2-сентябрда парламенттин жаңы беш депутаты ант берген. Анда Салымбеков ден соолугуна байланыштуу жыйынга катыша алган эмес.
БШКнын 4-июлдагы жыйынында №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча шайлоодо Айжигит Тыналиевди жана бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайлоодо Жумабек Салымбековду жеңүүчү деп тапкан.