Бишкектин түндүгүндөгү айланма жолду капиталдык оңдоодон өткөрүү 2025-жылдын планына киргизилүүдө. Бул тууралуу Транспорт министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Жыйында депутат Русланбек Жакышов Бишкектин түндүгүндөгү жолдо качан болбосун унаа тыгыны болуп жатканын айтты.
"Бишкектин түндүгүндө, Дордой жактан кеткен жол Транспорт министрлигинин балансындабы? Акыркы убактарда бизге көптөгөн жарандар кайрылып жатат. Качан болсо ошол жолдо тыгын, жолдун тамтыгы чыккан. Ошол жолдун жээги жеке бизнеске айланып кетти. Жолду кеңейтпесе качан болбосун ошол жакта унаа тыгыны бар", - деди депутат.
Министрдин милдетин аткаруучу айланма жолду кеңейтүү иштери 2025-жылдын планына киргизилип жатканын айтты.
"Сиз туура белгиледиңиз, бул боюнча жумуштар жүрүп жатат. 2025-жылдын планына киргизип жатабыз. Жолду кеңейтип, унаа тыгынын болтурбоо боюнча иштер жүргүзүлөт", - деди Сыргабаев.