Монголия өлкөгө келген Путинди эмне үчүн ордер боюнча камакка албаганын түшүндүрдү

Монгол бийлиги Орусиянын президенти Владимир Путинди Эл аралык кылмыш сотунун ордери менен камакка алуудан баш тартууну өлкөнүн энергетикалык көз карандылыгы жана бейтараптыгы менен түшүндүрдү. Бул тууралуу өкмөттүн Улан-Батордогу өкүлүнө шилтеме кылып Politico басылмасы жазды.

Анын айтымында, Монголия мунайзаттын 95 пайызын жана электр энергиясынын 20 пайыздан ашыгын коңшу өлкөлөрдөн импорттойт.

"Бул жеткирүүлөр биздин жана элибиздин бар болушун камсыз кылуу үчүн абдан маанилүү. Монголия бардык дипломатиялык мамилелеринде ар дайым бейтараптык саясатын сактап келген", - деген өкмөттөгү өкүл.

Атын атагысы келбеген юрист эксперттин айтымында, Монголия өзү мүчө болгон Эл аралык кылмыш сотунун буйругун аткарбагандыктан, өлкө куугунтукка алынышы мүмкүн.

Путиндин Улан-Баторго сапарынын алдында Евробиримдик, Украина жана бир нече эл аралык укук коргоо уюмдары Монголияны ЭКК боюнча өз милдеттерин аткарууга чакырышкан.

Путин Монголияга өлкөнүн президенти Ухнаагийн Хурелсухтун чакыруусу менен Халхин-Гол дарыясында советтик жана монгол аскерлеринин япон куралдуу күчтөрүн биргелешип жеңгендигинин 85 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн барган.

Бул орус президентинин 2023-жылдын мартында сот аны Украинадан Орусияга балдарды өткөрүп берүү боюнча камакка алуу ордерин чыгаргандан бери Эл аралык соттун Рим статутуна кол койгон өлкөгө жасаган биринчи сапары.

Монголия Рим статутуна 2000-жылы кол коюп, 2002-жылы ратификациялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан