Шашылыш билдирүү: Жуманын аягында абанын температурасы кескин төмөндөйт

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 7-8-сентябрда өлкө аймактарында абанын температурасы кескин төмөндөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

7-сентябрда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8 ... +13, күндүз +14 ... +19,

Талас жергесинде түнкүсүн +3 ... +8, күндүз +11 ... +16,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15 ... +17, күндүз +22 ... +24,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +7 ... +9, күндүз +15 ... +17,

Нарын дубанында түнкүсүн +6 ... +8, күндүз +16 ... +18,

Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын табы түнкүсүн +9 ... +11, күндүз +16 ... +18 градус болот.

8-сентябрда Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жамгыр жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан