Депутат Масалиев Украина менен согушуп жаткан Орусияны колдоо керектигин айтты

Бүгүн, 4-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев Украина менен болгон согушта Орусияга колдоо көрсөтүүнү карап чыгуу керектигин айтты.

Ал 2 жылдан бери 2 өлкө ортосунда жүрүп жаткан согушта Кыргызстан калыс болуп келгенин, бүгүнкү күндө кырдаал өзгөргөнүн белгиледи.

"Эки жылдан бери Орусия менен Украинанын ортосунда согуш болуп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин ал өнөктөшүбүз Орусиянын ички иши болчу. Биз нейтралдуу позицияны ээлеп турганбыз жана аны туура деп эсептейм. Бирок август айынан баштап 15 облуска бомба ташталып, ракеталык соккулар жасалууда. Менин коркконум ошол жерде биздин миллионго чукул мекендешибиз эмгектенип жүрөт. Экинчиден, биз ЖККУ уюмуна боюнча союздашпыз. Бул маселе боюнча терең изилдеп туруп, керектүү чечимдерге барышыбыз керек. Колдошубуз керек", - деди ал.

Ошондой эле ал Орусиянын банктары менен иштешпегиле деген маалымат чыгып жатканын белгилеп, бул өнөктөш өлкө үчүн каршы жасалган аракет экенин кошумчалады.

Жогорку Кеңеш 04.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан