Орусия Абхазияга социалдык төлөмдөрдү берүүнү токтотту

Орусия Абхазиядагы жумушчулардын айрым категорияларына социалдык төлөмдөрдү төлөөнү токтотту. Бул тууралуу журналисттерге республиканын тышкы иштер министри Сергей Шамба билдирди.

"1-сентябрдан тарта айрым төлөмдөрдү каржылоо токтотулду. Алар дарыгерлерге, мугалимдерге, коопсуздук күчтөрүнө жана башка нерселерге тиешелүү", - деген Шамба.

Анын айтымында, бул санкциялар Абхазиянын айрым милдеттенмелерин аткарбаганына байланыштуу болгон. Дипломат кандай милдеттенмелер жөнүндө сөз болуп жатканын айткан жок.

Шамбанын билдирүүсүнө Орусия президентинин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак менен Абхазиянын президенти Аслан Бжаниянын жолугушуусунан алынган бейрасмий материалдардын жарыяланышы себеп болду. Документте Орусия абхаз парламентинин бир катар депутаттарын жана республиканын оппозициясынын өкүлдөрүн жарандыктан ажырата ала тургандыгы жөнүндө айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан