Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдө окуучулар катышкан массалык иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби бекитилгенин маалымдады.
Эми окуучулардын катышуусу менен өткөрүлүүчү маданий-массалык иш-чаралар Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык жана билим берүү чөйрөлөрү боюнча орун басарынын макулдугу жана Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен өткөрүлмөкчү. Ал эми жергиликтүү деңгээлдеги иш-чаралар министрликтин аймактык түзүмүнүн уруксаты жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысынын макулдугу менен уюштурулат.
"Иш-чараны пландоодо окуучулардын ден соолугуна, өмүрүнө, психикасына жана коопсуздугуна коркунуч туудурган тобокелдиктер аныкталган учурда иш-чаранын маанилүүлүгүнө карабастан иш-чараны өткөрүүгө тыюу салынат. Иш-чараны өткөрүү үчүн жалпы жоопкерчилик уюштуруучуларга жүктөлүп, уюштурууда тартипти жана талаптарды бузган адамдар административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2-майда Сузак районундагы "Манас" айтуу иш-чарасына катышып жаткан окуучуларды "Хундай-Портер” үлгүсүндөгү унаасы коюп кеткени белгилүү болгон. Кырсыктан 32 бала жабыркаган. Бул окуя резонанс жаратып, коомчулукта мектеп жашындагы балдарды массалык түрдө иш-чараларга катыштырууда коопсуздук чаралары көрүлбөй жатканы талкуу жараткан.
Жогорку Кеңештин 16-майдагы жыйынында депутат Жанар Акаев окуучулар аткаминерлерди тосуп алуу иш-чараларына дагы тартылып жатканын айткан.