Баткен облусунун Айдаркен шаарында ажатканага түшүп кеткен 5 жашар наристе куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, ӨКМге бүгүн саат 18:14тө ажатканага түшүп кеткен бала тууралуу маалымат түшүп, жерине 3 куткаруучу тартылган.
"Улук лейтенант Сүйүнов ажатканага түшүп, наристени аман-эсен куткарып чыкты", - деп айтылат маалыматта
Министрлик баланын ден соолугу дарыгерлер тарабынан каралганын, абалы туруктуу экенин кошумчалады.