Түркмөнстандын миграция кызматынын адистери Орусияга кетүүнү каалаган жарандардын орус тили боюнча билим деңгээлин текшерип жатат. Сынак Ашхабад аэропортунда уюштурулуп, орус тилин түшүнбөгөн жана сүйлөй албаган жүргүнчүлөргө мамлекеттен чыгып кетүүгө уруксат берилген жок. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, аэропортто Орусияга кетүүнү каалаган жарандардан окуу борборлорунда орус тилин окуду деген сертификаттар талап кылынат. Аэропттогу сынактардын уюштурулушуна окуу борборлорунан билим алды деген сертификаттарды жарандар окубай эле сатып алып жаткандыгы себеп болгон. Айрым маалыматтар орус тилин билген жаштар да өлкөдөн чыгып кетүүдө тоскоолдуктарга учурап, кайра артка кайтарылып жаткандыгын айтышат.
Turkmen.News айрым булактарга таянып тапшырма “жогорку” жактан түшкөндүгүн белгилейт. Анткени алар жаштардын Орусияга тартылышы Украинадагы согушка жетелеши мүмкүн жана мыйзамсыз миграцияга кабылышы ыктымал деген божомолдорун себеп келтиришкен.