Ла-Манш кысыгында мигранттарды ташыган чакан кеме оодарылып, чөгүп кетти. Кырсыктан улам 12 адам каза болду.
Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, мигранттар Франциянын Ле-Портель коммунасынан Улуу Британияга жол алышкан. Кеме көп узабай жолдун башталышында эле чөгүп кеткен.
Жээк коргоо кызматынын билдирүүсү боюнча, 50дөн ашык жүргүнчү куткарылган, ошондой эле эки адам дайынсыз. Жүргүнчүлөрдүн көбү Африкадан экендиги айтылды.
Улуу Британия Евробиримдиктен чыккандан кийин континенталдык Европадан Британ аралдарына мыйзамсыз мигранттардын агымы кыйла күчөгөн. 2019-жылы Франциядан Британияга 3000дей мигрант кайык менен сүзүп келсе, 2022-жылы бул сан 40 миңден, 2023-жылы 28 миңден ашкан. 2024-жылдын сегиз айында бул жол менен 20 миң адам барган.
Жыл башынан бери Ла-Манш кысыгынан кеме менен кырсыкка учурап, 25 мигрант көз жумган.