Дастан Бекешев: "Ошко 100 троллейбус бергенибиз туура эмес болду" 

Бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев мектептердеги класстарды тазалай турган каражаттар үчүн ата-энелер акча чогултуп жатканын билдирди.

"Мектептерде класстарды тазалай турган каражаттар дагы деле жетишсиз. Министрлер кабинети акча бөлүндү деди эле, бирок жарандар азыр деле акча чогултуп жатышкандарын айтышты. Келерки 2025-жылы ушул маселелерди чечүү керек", - деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал Бишкекте коомдук транспорттор жетишсиз экенин, Ош шаарына 100 троллейбусту бергени туура эмес болгонун айтып өттү. Эл өкүлү келерки жылы республикалык бюджеттин эсебинен Бишкекке 1 миллиард сомго автобустарды сатып алууну сунуштады.

"Бишкекте коомдук транспорттор жетишсиз. Биз Ош шаарына 100 троллейбус бердик. Менин оюмча, бул туура эмес болду. Бирок шаардан кичи автобустарды алып салганыбыз туура болду. Ошентсе да Бишкекте коомдук унаалар жетпей жатат. 2025-жылы коомдук унааларды сатып алууга бюджетке 1 миллиард сом караштырып коёлу. Жаңы конуштардан чалып, автобус тигил же бул жакка каттабай жатканын айтып жатышат", - дейт Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан