Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды зарыл иши болбосо Орусияга убактылуу барбай турууга чакырды.
Министрлик Орусияда киргизилген кошумча коопсуздук чаралары жана мамлекеттик чек ара аркылуу чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө күчөтүлгөн көзөмөлдөө режими улантылып жаткандыгын белгилеп, Кыргызстан жарандарынан көрсөтүлгөн чаралар алынып салынганга чейин барбай турууну өтүнгөн.
Ошондой эле ТИМ кыргызстандыктарды зарылчылык болгон учурда өлкөнүн Орусиядагы элчилигине +7 (925) 2855047, +7 (925) 1155047 номурлары аркылуу байланышса болорун кошумчалады.