Эдил Байсалов Акаевдин "экс-президент" макамы боюнча билдирүү жасады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн, 5-сентябрда өзүнүн Х социалдык түйүнү аркылуу Аскар Акаевдин "экс-президент" макамын кайтаруу маселеси боюнча пикирин билдирди.

Ал тунгуч мамлекет башчы "экс-президент" деген макамынан ажырабаганын белгилеген.

"Кат туура эмес дарекке келген. Мыйзам жагынан алганда, Аскар Акаев өлкөнүн "экс-президенти" деген макамды сактап келе жатканы талашсыз. Эгер кимдир бирөө аны бул макамдан ажыратууну кааласа, анда 2019-жылдагы Алмазбек Атамбаевдикиндей каршы импичмент процедурасы жүргүзүлүшү керек болчу. Бул менин жеке көз карашым", - деп жазган ал.

Бүгүн Акаев "экс-президент" макамын кайтаруу боюнча Жогорку Кеңешке кайрылгандыгы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан