Кемин районунда кызыл китепке кирген тоо текени аткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, кечээ, 4-сентябрда Кемин районунун Көк-Ойрок жайлоосунан Москвич үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган. Ал унаадан кызыл китепке кирген тоо текенин эти жана уруксат кагазы жок 2 даана курал табылган. Аталган унаадагы жарандар окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылышып, бирок милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Аталган факт Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, иликтөө иштери башталды.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 1984-жылы туулган Б.Т. жана 1972-жылы туулган Т.А. аттуу жарандар 3-сентябрь күнү Кемин районунун Көк-Ойрок жайлоосунан жапайы тоо текени атышканы аныкталган.
Жогорудагы жарандарга тиешелүү СОК-СКС-01 үлгүсүндөгү мылтык жана тиешелүү документи жок 16 калибрдеги эки коштуу сайсыз курал алынып, куралдарга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.