Эртең, 6-сентябрда №8 троллейбустук каттамы жарым-жартылай өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен иштейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Мурда аталган каттамдын акыркы аялдамасы А.Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик цирки болсо, эми троллейбус Тунгуч кичи районуна чейин каттайт.

Белгилей кетсек, №8 троллейбус Ак-Өргөөдөн Тунгуч кичи районуна чейин убактылуу каттайт.