73 жаштагы Мишел Барнье Франциянын премьер-министри болуп дайындалды

Франциянын президенти Эммануэл Макрон 73 жаштагы Мишел Барньени премьер-министр кылып дайындады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жаңы өкмөт башчы буга чейин өлкөнүн тышкы иштер, айлана-чөйрөнү коргоо, айыл чарба министри, Европа иштери боюнча катчы, парламентте депутат дагы болгон.

Эске салсак, буга чейин бул кызматты 35 жаштагы Габриэль Атталь жетектеп келген. Ал Францияда өткөн парламенттик шайлоонун экинчи турунда бийликтин партиясы көпчүлүк орунду ала албай калгандан кийин кызматтан кетүү өтүнүчү менен президентке кайрылган болчу. Макрон анын отставкасын кабыл алып, бирок Атталь жаңы өкмөт дайындалганга чейин ишин улантарын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан