Владимир Зеленский бир нече министрди кызматтан кетирди

Украинанын Жогорку Радасы өлкөнүн тышкы иштер министри Дмитрий Кулебанын ордуна анын биринчи орун басары Андрей Сибиганын келишин колдоду. Тиешелүү арызын ал кечээ, 4-сентябрда жазган. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, анын кызматка дайындалышын 258 депутат колдоп берген. Ал эми мурунку министр Дмитрий Кулебанын кызматтан кетишине 240 депутат макул болгон. Ал бул кызматта 2020-жылдан бери иштеп келе жаткан.

Мындан тышкары Кулеба отставкага кетерин жарыялаардан бир күн мурун, 3-сентябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский кеңсесинин башчысынын орун басары Ростислав Шурманы кызматтан алган. Ошондой эле Европа жана Евроатлантикалык интеграция боюнча вице-премьер-министр Ольга Стефанишина жана реинтеграция боюнча вице-премьер-министр Ирина Верещук өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Дагы үч министр кызматтан кетүү боюнча арыз жазышкандыгы маалыматта кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан