Кыргызстандын түштүгүндө түндө саат 02:53тө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Фергана тоо кыркаларында Байбиче айылынан 15 чакырым чыгышта, Жалал-Абад шаарынан 100 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 120 чакырым түндүктө жайгашкан.
Жердин силкинүүсү өлкөнүн Байбиче, Кара-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.