
Бул күнү, 6-сентябрь советтик жана орусиялык ырчы Юрий Шатунов туулган. Ал 1973-жылы Башкортостандын Кумертау шаарында жарык дүйнөгө келген. Юрий 3 жашка толгондо ата-энеси ажырашып, 8 жашында энеси жүрөк оорусунан улам каза болгон. Ырчы 12 жашка чейин таежесинин колунда чоңоюп, кийин аны Оренбург шаарындагы жетимдер үйүнө тапшырышкан.
Чыгармачылыкка алгачкы кадамдары...
Юрий Шатунов алгачкы жолу “Ласковый май” тобу менен 1986-жылы 28-декабрда интернаттын жаңы жылдык бий кечесинде ырдап чыккан. Топко келгенге чейин жаш болсо да ар кайсы Маданият үйлөрүнөн суранып жүрүп эң алгачкы “Белые розы” ырын жарыкка алып чыккан. Көп узабай, ыр бүткүл совет элине тарап, хит ырга айланат.
Көпчүлүктүн суроолору менен Юрий Шатуновду жергиликтүү журналисттер интернатка издеп келишкен. Ошентип анын жүзү таанымал боло баштаган. Көп узабай 1988-жылы топтун жетекчиси Андрей Разин Маданият министрлигинин уруксаты менен Юрийди Москвадагы интернаттардын бирине которот. Москвага келери менен ырчы чыгармачылыктагы жетекчиси Разиндин үйүндө жашап калган. Ошол эле жылы суранычтар менен Казакстандын Алматы шаарында чоң сахнага кадам таштайт. Чыгармачылыктагы жолу дал ушинтип башталган.
Популярдуулуктун туу чокусуна жеткен кез...
Шатунов 1988-жылы “Белые розы” альбомун профессионалдык деңгээлде жарыкка чыгарат. Бул учурда Юрий Шатунов “Ласковый май” тобунун көрүнүктүү солисти катары чыныгы жылдыздардын катарын толуктап, ал гана эмес, эң популярдуу болууга жетишкен. “Месяц июль”, “Метель в чужом городе", “Звёздная ночь”, “Розовый вечер” альбомдору менен бүтүндөй совет элинин жүрөгүн багындырган “Ласковый май” тобу, ал учурда жетекчиси Разиндин айтымында, бардыгы болуп 20 миллион долларга жакын акча табышкан.
Алла Пугачёванын сунушун четке каккан...
1992-жылы Юрий Шатунов “Ласковый май” тобунан кетет. Юрийдин кетиши менен топ дагы таркайт. Топтон кетүүсүнүн себебин Юрий жеке ырчы катары өз карьерасын өстүрүүнү каалагандыгы жана Разиндин ашыкча башкарып алгандыгы менен байланыштырган. Жаңыдан өз алдынча кадам таштай баштаган Юрийге Алла Пугачёвадан чогуу иштешүү сунушу келип түшөт. Бирок ырчы бирөөлөргө көз каранды болууну каалабаганын айтып, бул сунуштан баш тарткан.
Досторун жоготуп, чыгармачылыктан алыстап...
Юрий “Ласковый май” тобундагы достору Игорь Игошин менен Максим Сухомлиновдон түбөлүккө айрылган соң бир жылга жакын чыгармачылыктан алыстап кеткен. Досторунун бири Игорь 4-кабаттан өзү секирип өлгөн болсо, эң жакын досу, топтун дагы бир солисти Максим Сухомлиновду Юрийдин көз алдында үйүнүн короосунан атып кетишкени ырчыга катуу сокку болгон. Турмуштун мындай сынагынан кийин ырчы бул убакыт аралыгында машина сатуу менен алектенип жүрүп, кийин кайрадан чоң сахнага кайтып келген.
1994-жылы Орусиядагы эң ири үн жаздыруучу студиялардын бири ырчы мырзыга кызматташууну сунуш кылган. Ошентип ал студия менен кызматташа баштагандан кийин бир нече клиптери, ырлары жарык көргөн. Ырчынын кайрадан жылдызы жанып, бир нече альбомдорду жазганга жетишкен.
Ырчы 48 жашында 2022-жылы 23-июнга караган түнү "Тез жардам" унаасында каза тапкан. Шатуновдун өлүмүнүн себеби жүрөк оорусу болгону маалымдалган.