Баткенде "Ийгиликке кадам" медиа форуму өтөт

Эртең, 7-сентябрда Баткен шаарында III “Ийгиликке кадам” медиа форуму өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Журналисттер" коомдук бирикмесинен билдиришти.

Маалымдалгандай, форум “Кыргызстандагы медианын өнүгүүсү: кечээ, бүгүн жана эртең” деген теманын алкагында өтөт. Анда бир катар ийгиликтүү медиалар өз тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Иш-чарага өлкө аймагынан чогулган 100гө жакын журналист катышат. Саамалык "Журналисттер" коомдук бирикмеси тарабынан демилгеленген.

Максат Кыргызстандагы журналисттердин маселелерин талкуулоо жана алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

Медиа форум ар эки жылда бир жолу дубандардын биринде өткөрүлүп турат. Буга чейин Ош жана Нарын шаарларында уюштурулган.

Иш-чара 8-сентябрда жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан