Бишкек шаарында уурулукка шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Свердлов РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-июлда милицияга А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 26-июль күнү белгисиз адам Чүй көчөсүндө жайгашкан кеңселердин биринин терезесин сындырып кирип, сейфтин ичиндеги 40 миң доллар жана 960 миң сом акча каражатын уурдап кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-бересинин (Урдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1994-жылы туулган Ж.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.