Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташыган такси айдоочуларына көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.
"Акыркы учурларда унаанын техникалык абалына көңүл бурбастан, айдоочулук тажрыйбасы жок, тийиштүү документтерди чогултпастан, такси кызматына тиркемелер аркылуу жеңил туташып, жүргүнчүлөрдү коммерциялык жолдор менен ташып жүргөн такси айдоочулары көбөйүүдө.
Бул айдоочуларга көзөмөл жок болгондуктан, эмгек жана эс алуу режимдерин сактабай, энергетикалык суусундуктарды ичип алып чарчаңкы абалда суткалап уктабай, жүргүнчүлөрдү кооптуу абалда ташуу көп болуп, кесепети жол кырсыктары менен коштолгон учурлар да кездешүүдө", - деп билдиришти ЖКККББдан.
Ошондой эле ЖКККББ жарандардан такси айдоочулары эреже бузса
0777 102-102 ишеним номуруна кайрылышын суранды.